• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Шайлоо өнөктүгү: Кудрет Тайчабаровго сөгүш берилди

18 Жетинин айы 2021 15:33 Бишкек Govori.TV

Шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаровго Министрлер кабинети сөгүш берди. Маалыматты Тайчабаров өзү тастыктаган.

Боршайкомдун сайтындагы маалыматка караганда, Тайчабаров карындашына төрт сап ыр арнап, «Фейсбукка» билдирүү жазган. БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон бир тууган карындашын ачык сүрөгөн деп, Тайчабаровго чара көрүүнү сурап, Министрлер кабинетине буга чейин кайрылуу жолдогон.

Ал эми Тайчабаров анда үгүт жоктугун, БШКнын позициясы түшүнүксүз экенин билдирип, мамлекеттик кызматкер эместигин, «Бишкек» эркин экономикалык аймагына бюджеттен айлык берилбей турганын кошумчалаган.

Количество просмотров: 324