• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кудрет Тайчабаров 30-декабрга чейин камакка алынды

10 Жетинин айы 202513:52 Бишкек Govori.TV

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаров 30-декабрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топко катышуу) 2-бөлүмү менен айып тагылды.

Буга чейин Кудрет Тайчабаров №19 шайлоо округунан талапкер болуу ниетин билдирип, Боршайкомго арыз жазган.

Кийинчерээк интернет тармагында анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери болгон Көлбаев менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган.

БШК талапкер катары каттоодон баш тарткан.

Количество просмотров: 114