• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шайлоочулар менен жолуккан Улугбек Ормонов, Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу маселеге токтолду

22 Жалган куран 2023 15:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-мартта “Ишеним” парламенттик фракциясынын лидери Улугбек Ормонов менен “Мекенчил” депутаттык тобунун лидери Эльмурза Сатыбалдиев Өзгөн районуна барып, жергиликтүү эл менен жолугушту. Бул тууралуу Жогрку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууга мамлекеттик мекемелердин жана өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Фракция лидери Улугбек Ормонов жыйынды ачып жатып, облустун тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу багытында парламент жана аткаруу бийлиги тарабынан жасалып жаткан иштерге токтолду.

Тактап айтканда, Кемпир-Абад суу сактагычын пайдалануунун кесепеттерин жоюу фондуна 2023-жылга карата суу сактагычтын жээгинде жайгашкан 5 айыл өкмөттү каржылык жактан колдоо максатында 60 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады.

“Аталган каражаттар мурдагыдай болуп иши кандайдыр бир коррупциялык көрүнүштөр менен коштолгон дирекция аркылуу пайдаланылбайт. Каржылоо түз эле райондук администрациянын эсебине которулуп, сарпталышын көзөмөлдөө функциясы атайын комиссияга жүктөлөт”, – деди депутат.

Ошондой эле эл өкүлү Жаман-Адыр айыл аймагындагы 1,4 миң гектардан ашык жерди сугарууну камсыздоо боюнча долбоорлоо жана изилдөө иштери башталганын белгилеп: “Муну менен катар быйылкы жылы Баш-Дөбө айыл аймагынын Кеңеш айылында жайгашкан №43 И.Базаркулов атындагы орто мектептин жана Кызыл Октябрь айылындагы билим берүү мекемеси менен Төрткүл айыл аймагына караштуу Кыймыл айылындагы бала бакчанын курулушун баштоо пландалууда”, – деди

Количество просмотров: 104