• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Ала-Арча суу сактагычына барды

13 Бугу 202612:19 Бишкек Govori.TV

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын аймагында эс алууга шарт түзүлө турганын айтты.

Ал белгилегендей, бүгүн президент Садыр Жапаров суу сактагычтын аймагындагы абал менен жеринен таанышып, тиешелүү мамлекеттик органдарга аймакты көрктөндүрүүгө тапшырма берди.

“Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы 1965-жылы курулган, толгон кезде суу токойду басып калат. Мына ошонусу менен кызыктуу, учурд бактарга уялаган ар кандай канаттуулар балапан чыгарып учурган мезгили. Март айынан июндун ортосуна чейин туристтердин көңүлүн буруп, кошуна мамлекеттерден бери келип сүрөткө түшүп кетишет. Буга чейин жеке адамдар тейлөө кызматтарын көрсөтүп, жетиштүү деңгээлде шарты жок болчу. Бүгүн президент Садыр Жапаров өзү келип көрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга элге жана туристтерге шарт түзүп, көркүнө келтиргиле деген тапшырма берди. Буюрса, бул аймак дагы эң алдыңкы туристтик жайга айланат. А-фрейм үйлөр, ресторандар, сейилдеп жүрчү жолдор курулат”, — деп жазды Дайырбек Орунбеков.

Количество просмотров: 143