• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шайлоого аралашканы үчүн Лейлек районунун акими жумуштан четтетилди

27 Тогуздун айы 202115:20 Бишкек Govori.TV

Шайлоого аралашканы үчүн Баткен облусундагы Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов жумуштан четтетилди. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.

«Бүгүн Лейлектин акими шайлоо бүткөнгө чейин жумуштан четтетилди. Исфана мэрине катуу сөгүш жарыяланды. Мындан ары кайсы бир аким же министр талапкерге же партияга үндөй турган болсо, «ишенимди жоготту» деген берене менен экинчи ирет жумушка алынбай тургандай кылып кызматтан алабыз», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 144