• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Шайлоого аттанган партиялар президентке кайрылышты

25 Аяк оона 2020 10:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-сентябрда парламенттик шайлоого аттанган «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа» жана «Чоң казат» партиялары Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду.

Партиялар Жээнбековдун «шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөт жана шайлоону таза жана адилеттүү өткөрүүгө президент катары өз милдетимди аткарам» деген сөзүн мисалга келтирип, сөзүнүн өтөөсүнөн чыгууну суранышты.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович бүгүнкү күндө болуп жаткан добуш сатып алууларды, административдик ресурстарды, коркутуп-үркүтүүлөрдү карап, чара көрүүнү талап кылабыз!», — деп айтылат кайрылууда.

Бир нече партиянын өкүлдөрү мындай көрүнүштөр алдыдагы шайлоого ишенимди кетирерин кошумчалап жатышат.

«500 миңге жакын шайлоочулардын №2 форма менен добуш берүүсү акылга сыйбаган нерсе. Учурда мыйзам бузуу фактылары катталып жатат. Анын ичинде шайлоочулардын укугу бузулуп жатат. Айрым саясий партиялар жарандардын паспортторун алдын ала чогултуу менен акча таратып жатышат. Кыргызстанда көчүү болду, адамдарды бир жерден экинчи жерге ташып каттатып жатышат. Ачык эле добуш сатып алуу болуп жатат», — деп билдирди «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Токтосун Барманов.

Белгилей кетсек, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышып жатат. Шайлоого жалпы 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша турганы айтылууда.

Количество просмотров: 253