• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Шайлоого эмне максат менен бара жатасыз? Же сизге дебат эле кызыкпы? Партия лидерлери бири-бирине суроо узатты

30 Аяк оона 2020 23:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-сентябрда Коомдук телерадио корпорациясында парламенттик шайлоого талапкер партиялардын дебаттары уланды. Ага «Бир бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, «Ыйман нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков, «Мекен ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев катышты.

Анда «Бир бол» партиясы «Мекен-Ынтымагына»  «сиз дагы парламенттик шайлоого 2-3 жолу аттанып жатасыз. Сиздин программаңызды көргөн дагы, уккан дагы жокмун. Шайлоо башталганда пайда болосуз, анан 5 жыл жоголосуз. Шайлоого эмне максат менен бара жатасыз? Же сизге дебат эле кызыкпы?»деген суроо узатты.

«Мекен-Ынтымагынын» лидери  «коомдук кызыкчылыкты коргой турган системди программа түрүндө жазып, элге ошонун маанисин жеткирүүгө аракет кылып келе жатам. Программа боюнча сиз БШКнын сайтын ачсаңыз бардыгы толук илинип турат. Ичинде бардык маселелер бар» деген жооп кайтарды.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага жалпысынан 16 партия ат салышып жаткан чагы.

Количество просмотров: 179