• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Атазов менен Сурабалдиева алдыда

27 Бирдин айы 2022 20:28 Бишкек Govori.TV

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты.

Жалпы 120 автоматтык түрдө эсептөө үкөгүнүн (АСУ) 87синен маалымат келип түштү. Ага ылайык, төмөнкү талапкерлер алдыда келе жатат:

Биринчи май округу боюнча:
Элвира Сурабалдиева — 42,75%;
Нурбек Тотонов — 17,14%;
Нурбек Токтакунов — 5,51%.

Свердлов округу боюнча:
Шайлообек Атазов — 17,25%;
Аскар Алмаз уулу — 9,02%;
Абдурахманхаджи Муртазалиев — 8,91%.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. Бирок 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов округдарында “баарына каршы” графасы көпчүлүк добушка ээ болуп, кайра шайлоо 27-февралга дайындалган.

Бишкек шаарында 120 шайлоо тилкеси уюштурулду. Биринчи май районунда 60, Свердлов районунда 60 шайлоо участкасы түзүлдү.

Эки округ боюнча шайлоочулардын саны (контролдук) 219 миң 654 адамды түзөт.

Количество просмотров: 546