Шайназаров: «Министрлердин талабы боюнча жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү ижарага автомашина жалдоого аргасыз болууда»
Шайназаров: «Министрлердин талабы боюнча жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү ижарага автомашина жалдоого аргасыз болууда»
4 Тогуздун айы 201813:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.10.2018.Govori.TV.
Жакында Ош облусуна учкан аткаминерлердин талабы боюнча аларды «жиптер» менен тосуп алышты. Башка «Волга» же «Жигули» сындуу автомашиналар жарабайт экен. Аларды кымбат ресторандарда тамактандыруу керек экен. Өкмөт мындай маселеге жакшылап көӊүл бурушу керек. Бул тууралуу депутат Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Министрлер менен алардын орун басарларынын мындай жосунун токтотуу зарыл. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ЗАГСтардан ижарага автомашина жалдоого аргасыз. Жанында акчасы жок болсо, карызга тамактандырышат. Алардын акысын кийин ким төлөйт? Албетте, карыз алган адам. Мамлекеттик кызмат адамдарынын этикасына кайрадан кайрылууга аргасызбыз», — деди депутат.