• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Шайназаров: Мыйзам бузуу боюнча 34 кайрылуу түштү

11 Теке 2021 22:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо учурунда мыйзам бузуу боюнча 34 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу брифингде Боршайкомдун төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.

» Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна келген кайрылуулардын ичинен 13ү добуш сатып алуу (Бишкекте 9, Ошто 3, Токмокто бир), жетөө шайлоочуларды ташуу (Бишкекте 5, Ошто бир, Токмокто бир), бешөө үгүт иштеринин бузулушу (Бишкекте 3, Ошто 2), тогузу башка бузуулар. Кайрылуулардын 17си боюнча ИИМ тарабынан чечим кабыл алынды. Калгандары учурда каралып жатат. Түнкү саат 12ге чейин чечим чыгат”, — деп билдирди ал.

Количество просмотров: 67