• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шайназаров: «БШК ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүгө даяр»

2 Аяк оона 202511:41 Бишкек Govori.TV

БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүгө даяр экенин “Азаттыкка” билдирди.

“Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосу мыйзам, план боюнча 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек. Ал эми конституциялык мыйзам менен 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоо коюлган. 2026-жылдын ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлооcey өткөрсөк БШК 20 күндө жыйынтык чыгарыш керек. Андан кийин шайлоого нааразы болуп, сотко бергендер болот. Ошентип депутаттарды шайлоо компаниясы декабрь айына чейин узарып кетиши мүмкүн. 2027-жылдын январь айына президентти шайлашыбыз керек. Парламенттик шайлоо бүтпөй жатып президенттик шайлоонун үгүт иши башталып кетет”, — деди Тынчтыкбек Шайназаров.

Азыркы учурда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот деген маалыматтар коомчулукта кызуу талкууланып жаткан чагы.

Количество просмотров: 177