• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шакиев баштаган депутаттар Түркияга барат

21 Жетинин айы 2022 10:23 Бишкек Govori.TV

21-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Түркияга расмий иш сапары менен барарын парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сапардын алкагында Түркиянын улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт жана бир катар жолугушуулар өткөрүлөт.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Элдар Сулайманов бар.

Количество просмотров: 168