• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Turkish Airlines авиакомпаниясы Кыргызстанга каттамдардын санын көбөйтөт

18 Бештин айы 202514:14 Бишкек Govori.TV

Түркиянын Turkish Airlines авиакомпаниясы Кыргызстанга каттамдардын санын көбөйтөт. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов менен Turkish Airlines авиакомпаниясынын башкармалыгынын төрагасы Билал Экшинин Стамбулдагы жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Turkish Airlines «Манас» эл аралык аэропортунда техникалык конуу менен аткарылуучу каттамдарды кошо алганда, жүк жана жүргүнчү ташуучу каттамдардын санын көбөйтүү ниетин тастыктады.

Количество просмотров: 126