• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Шакиев казакстандык кесиптеши менен жолукту. Талкууланган маселелер

26 Кулжа 2023 13:52 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту

Жолгушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев расмий иш сапар менен келүүгө чакырып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Сенат Төрагасы Маулен Ашимбаевге ыраазычылык билдирип, өткөрүлгөн жолугушуу парламенттер аралык байланышты чыңдоого өбөлгө түзөөрүнө ишенерин кошумчалады.

Ошондой эле боордош эки өлкөнүн алакасын арттырууда мамлекет башчыларынын жана парламенттердин ролу жогору экенин белгилеп: «Эгемен мамлекеттер катары эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесине 31 жыл толгону менен биздин байланышыбыз кылымдарды карыткан. Андыктан, эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин калыптанган кызматташтыгын улантуу бабалардан калган баалуу вазыйпабыз. Айрыкча, бардык багыттагы байланыштарды кеңейтип, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга басым жасашыбыз кажет. Анын ичинен парламенттик дипломатия кыргыз-казак мамилелерин чыңдоонун эффективдүү механизми болуп саналат. Биз стратегиялык өнөктөштүктү өрчүтө турган иш-аракеттерге мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүүбүз зарыл», — деди Нурланбек Шакиев.

Жолугушууда соода-экономикалык алакалар тууралуу да сөз болуп, Нурланбек Шакиев Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Казакстандын Өкмөтүнө жакынкы аралыкта соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү тапшырмасы коюлганын белгиледи. Алсак, 2022-жылы эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,2 млрд долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 13,8%га өскөн.

«Бул жетишкендиктер менен токтоп калбашыбыз керек. Кызматташтыктын келечектүү багыттары боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет. Ошондой эле «Чолпон-Ата-Алматы» автожолун куруу менен туристтик мүмкүнчүлүктөрдү дагы кеңейте алабыз. Муну менен катар кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучулардын маселелерин чечүү, Казакстандын аймагы аркылуу жүк агымдарынын өтүүсүнө байланышкан тоскоолдуктарды да болтурбоо башкы маселе», — деген Нурланбек Шакиев Казакстандын миграциялык саясатына тиешелүү мыйзам долбоорлорун кароодо кыргызстандык мигранттардын укуктук абалын эске алып, жеңилдиктер берилерине ишенерин кошумчалады.

Өз кезегинде Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев да Кыргызстан Казакстан үчүн негизги өнөктөш мамлекеттердин бири экенин белгилеп, салт-санаа, үрп-адаты, тили, дини окшош эки элдин алакасын арттыруу башкы максат экенине токтолду. Айрыкча алакалардын учурдагы абалы тууралуу сөз кылып, байланыштарды чыңдоодо парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин белгиледи.

«Акыркы жылдары байма-бай жолугушуп, эки тараптуу иш сапарлар жигердүү уюштурулууда. Андыктан, калыптанган байланышты өнүктүрүп, тармактык комитеттердин жана Аппараттардын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтишибиз керек», ‐ деген Маулен Ашимбаев эл аралык уюмдардын алкагындагы мамилелер, анын ичинен Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилеринин форуму тууралуу сөз кылды.

Ал эми Казакстанда эмгектенген кыргыз жарандары үчүн 2012-жылкы мамлекеттер аралык келишимдин негизинде жеңилдиктерди берүү маселеси каралып жатканын маалымдады.

Ошондой эле баарлашууда Маулен Ашимбаев санариптештирүү, IT технология, инвестиция жаатындагы байланыштарды арттыруу, мыйзам чыгаруу багытында тажрыйба алмашуу маселелерин көтөрүп, кыргызстандык IT компаниялар Казакстанда ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи. Муну менен катар өзү Алматы облусунда туулуп-өскөнүн, бала чагынан Ысык-Көлдө эс алып чоңойгонун айтып, келечектеги «Алматы — Чолпон-Ата» автожолу Кыргызстанга барган казакстандык туристтердин санынын көбөйүшүнө көмөкчү болорун кошумчалады.

Количество просмотров: 66