• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шакиев ЖК төрагасы болду

5 Тогуздун айы 202215:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Нурланбек Шакиев шайланды. Жабык добуш берүү менен шайланган Шакиевдин талапкерлигин 80 депутат колдосо 6 депутат каршы добуш беришкен.

Бүгүн, 5-октябрдагы жыйында Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттар тобу, «Ишеним», «Ата-Журт-Кыргызстан» жана «Альянс» фракциялары парламенттин төрагалыгына Нурлан Шакиевди көрсөткөн болчу.

Ага чейин Талант Мамытов кызматынан өз каалоосу менен төрагалыктан кетип жатканын билдирген.

Нурлан Шакиев 1977-жылы 13-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында туулган. Эмгек жолун «Обон» гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп баштаган Шакиев 2006-2010-жылдары мурунку президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы андан кийин кеңешчиси болгон.

2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына № 17 Аксы шайлоо округунан катышып, депутат болуп келген.

Количество просмотров: 321