• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

«Шакиевди тепкилебей мени тепкилегиле». Жапаров туу тууралуу

16 Бештин айы 2023 17:42 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайдын жыйынында мамлекеттик тууга өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин айтты.

Анын аайтымында, үч жыл ичинде эки тараптуу жолугушууларга жана ар кандай саммиттерге барганда “силер чемичке өндүрүп май чыгарасыңарбы?” деген суроолор берилген.

“Спикер Нурланбек Шакиевге “Нурлан ушундай-ушундай болуп атат. Желекке оңдоп-түзөтүү киргизүү менин ыйгарым укугума кирбейт. Жогорку Кеңешке туунун авторлорун чакырып кеңешип мүмкүн желектеги күндүн нурун кичине түздөп, түндүгүндөгү чамгаракты төрткө көбөйтүп койбойлубу?” деп мен сурандым. Нурлан Шакиевди тепкилебей мени тепкилегиле”, — деди президент.

Жапаров өз сөзүнүн аягында залда отургандардан желекке өзгөртүү киргизүү демилгесин колдоп берүүнү суранды. 

Количество просмотров: 178