Жыргалбек Шакиев Бишкек шаарынын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, Жыргалбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевдин бир тууган иниси. Ал буга чейин Аксы (Жалал-Абад) жана Чүй районунун акими болуп иштеген.
44 жаштагы Жыргалбек Шакиев 2020-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон. Ошондой эле ал Бийкомпакт» ЖЧКсында директордун орун басары кызматын аркалаган.