• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Шанхай кызматташтык уюму: “Улуу достуктун кербени” аттуу гала-концерт өттү

14 Кулжа 2019 18:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.06.2019.Govori.TV.

Улуттук филармонияда Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитинин алкагында “Улуу достуктун кербени” аттуу гала-концерт өттү.

Гала-концерт Атай Огонбаевдин “Маш Ботойу” менен ачылды.
Андан соң Россиянын Мариинск театрынын алдыңкы балет бийчилери, жубайлар Канат Надырбек жана Ирина Надырбектин аткаруусундагы “Саманчынын жолу” тартууланды.

Мындан тышкары ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият өкүлдөрү катышып, өнөрлөрүн тартуулашты.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков РФ Президенти В.Путин менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда олтуруп, маал-маалы менен Путин экөөнүн башы биригип, сүйлөшүп жатышты.

Гала-концерт ШКУга кирген өлкөлөрдүн ырчыларынын аткаруусундагы попурри менен аяктады.

Количество просмотров: 26