Шанхай Кызматташтык Уюму 2025-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө Макулдашууга кол коюуну кубаттайт, ал тараптардын маселелерди тең консультациялар, өз ара түшүнүшүү жана урматтоо рухунда тынчтык жол менен чечүү боюнча ак ниетин камтыган. Бул тууралуу маалымат ШКУнун сайтында жайганкан.
«ШКУга мүчө мамлекеттер кол коюлган Келишимдин өзгөчө маанисин белгилешет жана аны Шанхай Кызматташтык Уюмунун мейкиндигинде тынчтыкты, коопсуздукту жана стабилдүүлүктү орнотууга кошкон баалуу салымы катары карашат», — деп айтылат билдирүүдө.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Сапардын алкагында 13-мартта өлкө лидерлери кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча келишимге, суу жана жолду пайдалануу боюнча макулашуулар баштаган документтерге кол коюлду.
13-мартта Бишкектеги “Ынтымак ордодо” Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин Баткен районундагы “Кызыл-Бел” өткөрмө бекети эл аралык деңгээлде, ал эми Лейлек районундагы “Кайрагач” бекети эки тараптуу болуп кайра ачылды.
Ал эми эки мамлекеттин чек арасындагы калган үч өткөрмө бекетин ачуу этап-этабы менен ишке ашат.