• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шаршеев: Чек арада аткезчилик жок деп айтууга болбойт

21 Үчтүн айы 202015:35 Бишкек Govori.TV

2019-жылы кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик боюнча 38 млн. сом суммадагы 50 факт катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

«Чек арада аткезчилик жок деп айтууга болбойт. Анткени 2019-жылы кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик боюнча 38 млн. сом суммадагы 50 факт катталган. Бүгүнкү күндө көзөмөл өткөрмө бекеттери иштеп жатат. Ал эми мыйзамсыз жүктөрдүн өтүшү боюнча иш-чараларды жүргүзүп, жыйынтык чыгып жатат»,-деди Шаршеев.

Количество просмотров: 122