• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шашылыш билдирүү! Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

23 Аяк оона 202414:01 Бишкек Govori.TV

26-27-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМдин маалыматы боюнча, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Иссык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 14…19°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26°,

тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 8…13°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°,

республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулука чейин, күндүз 3…8°, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…5° ка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Количество просмотров: 786