Өлкөнүн тоолуу райондорунда 14-февралдан 17-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдордо кар күрткүсү, кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңорун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кар көчкү түшүү коркунучу бар унаа жолдору:
Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Мырза — Аке-Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында;
Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
Красная Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.