• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

30 Тогуздун айы 2023 15:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

31-октябрда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

31-октябрда жана 1-2-ноябрь күндөрү абанын температурасы төмөндөп:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0…-2

күндүз 7…12;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1…-3,

күндүз 6…11;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1…-3, күндүз 5…10;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0…-2,

күндүз 6…11;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-5,

күндүз 6…11 жылуу болушу күтүлөт.

Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3…-8 ,

күндүз 1…6 , бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Количество просмотров: 2318