Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 14-15-августта Ысык-Көл облусунда аба ырайы туруксуз болот.
Катуу жаан-чачындан улам тоолуу райондордо жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды коопсуздук чараларын сактоого чакырат: тоолордо жана дарыялардын жээктеринде эс албоо, арыктарды тазалап, бекемдөө, таштандыларды таштабоо, ошондой эле жаан суусун агызуу үчүн турак үйлөрдүн жанында дренаждык каналдардын болушун камсыз кылуу.