• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Шашылыш эскертүү: Кыргызстанда 41 градуска чейин ысык болот

16 Кулжа 202516:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 17-июнунан 19-июнуна чейин абанын температурасынын кескин жогорулашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору билдирди. Маалыматта, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын температурасы күндүз 39…41°, Талас облусунун өрөөндөрүндө 36…38° градус жылуу болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат:

▪️ Күндүн астында узакка туруудан сактануу,

▪️ көбүрөөк суу ичүү,

▪️ ачык түстөгү кийимдерди жана баш кийимдерди кийүү,

▪️ мүмкүн болушунча ысык убакта физикалык активдүүлүктү чектеңиз.

Количество просмотров: 238