Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин «Чоңдордун билим берүү күнүн бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун карап, жактырды.
Демилгечилердин бири, депутат Айсулуу Мамашова бул токтом долбоорунда 17-апрелди Чоңдордун билим берүү күнү катары белгилөө сунушталып жатканын билдирди.
«Үзгүлтүксүз окуу – жөн гана жаңы тренд эмес, келечектеги норма. Адамдар жаш курагына карабастан, өмүр бою жаңы нерселерди үйрөнүшү керек», — деди ал.
Мындан тышкары, министрлер кабинети бул токтомдун алкагында жарандарыбыз үчүн тиешелүү иш-чараларды, семинарларды жана окутуу курстарын өткөрүүгө тийиш экенин кошумчалады.