• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Шавкат Мирзиёев Ислам Каримовдун эстелигине гүл койду

2 Аяк оона 201814:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек 02.09.Govori.TV

Бүгүн 2-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ислам Каримов атындагы мемориалдык комплекске барып экс президенттин күмбөзүнө гүл коюп, куран окуду. Бул тууралуу Өзбекстандын пресс-кызматы жазып чыкты.
Ислам Каримов өлкөнү 25 жыл кыйшаюусуз башкарган. Ал 2016-жыл дал ушул күнү (2-сентябрь) 78 жаш курагында инсульттан улам каза болгон. Мирзиёевдин бул эскерүүсү устатына болгон чоң сый-урматты билдирет деп жазышууда. Мындан сырткары Өзбекстанда бул күндү биринчи президентти эстөө күнү катары белгилешүүдө. Ислам Каримовдун эстелигине гүл коюлуп, куран окулгандан кийин бул иш чара Самаркандта жана Каршиде улантылат. Каримовдун сөөгү өзүнүн кичи мекени Самаркандга коюлган болчу.

Количество просмотров: 11