Бишкек. 14.01.2018. Govori.TV.
Прага калаасындагы шайлоо тилкелеринин бирине добуш берүү үчүн келген Чехиянын президенти Милош Земанга жарым жылаңачтанып чуркаган Femen кыймылынын активисткасы Анжелина Диаш 48 саатка камалды. Бул туурасында Чехиянын телеканалы маалымдады.
Кечээ, президенттик шайлоонун биринчи күнүндө, мамлекет башчысын көздөй жарым жылаңач болуп чуркаган аял англис тилинде сөгүнгөн сөздөрдү айтып, президенттин добуш берүүсүнө тоскоолдук кылууга аракеттенген. Аялды мамлекет башчынын күзөтчүлөрү кармап калган. Окуядан кийин Земан иш бөлмөсүнө келип, Femen кыймылынын активисткасынын ага кол салганын «сыймык» катары баалаган.
https://www.youtube.com/watch?v=n7_CVLZBE1A