Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.
Москвадагы «Шереметьево» аба майданында 23-августта кыргыз таксисттеринин жана болжолдуу маалыматка ылайык жергиликтүү күзөт кызматкерлеринин арасында массалык мушташ чыккан. Алдын ала маалыматка ылайык, бир нече адам жабыркаган.
Белгилүү болгондой мушташ «Шереметьевонун» F терминалынын жанында унаа токтотуучу жайда чыккан. Болгон мушташтын видеосу социалдык тармакка тараган.
Учурда тийиштүү органдар тарабынан массалык мушташ тууралуу иликтөө иштери башталганы айтылган.