Медербек Шерметалиев “Кабар” агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалат.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Шерметалиев Медербек Асанбекович Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору болуп дайындалган.