• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

“Манас” аэропортунун жаңы жетекчисинин жумушчу сапары талкууда

11 Теке 2022 22:25 Бишкек Govori.TV

«Манас» ААК башкармалыгынын башкы директору Манас Самидинов Ысык-Көлгө болгон сапарынын алкагында «Ысык-Көл» жана «Каракол» эл аралык аэропортторунун иши менен таанышты. Бул тууралуу «Манас» аба майданынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Манас Самидинов Ысык-Көл облусунда жайгашкан аба майдандары тууралуу кеңири маалымат алып, аэробекеттердин иши менен таанышып өттү.

«Ысык-Көл» аэропортуна болгон иш сапар учурунда Самидинов аба майданынын баардык кызматкерлери менен жолугушуп, сууролоруна жооп берип, алдыга коюлган пландар менен бөлүштү.

Башкы директордун айтымында, жакынкы убакытта аэропорттун жабдуулары, техникасы модернизация жана жаңыртуу иштеринен өткөнү жатат. Андан тышкары, жакын арада «Ысык-Көл» аэропортунун аймагында жүк ташуу терминалы да ачылганы турат.

Жолугушуунун жыйынтыгында аэропорт кызматтарынын жетекчилерине алдыга коюлган маселелерди кыска мөнөттө чечүүгө тапшырма берилди.

Каракол шаарына болгон иш сапарында Манас Самидинов «Каракол» аэропортунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Деген менен жаңы жетекчинин алтын сааты, Louis Vuitton компаниясынын капчыгы социалдык тармакта кызуу талкуу жаратууда.

Количество просмотров: 7017