• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Шевченко кезектеги атаандашы менен Австралияда жолугат

25 Бирдин айы 2020 14:26 Бишкек Govori.TV

«UFC 251» турниринин беттеши өтө турган жер белгилүү болду. UFC уюмунан билдиргендей, аталган турнир 6-июнда Австралиянын Перт шаарында болот.

Бул турнирде кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун жеңил салмактагылар арасындагы чемпиондук курун төртүнчү жолу коргойт. В.Шевченко шотландиялык Жоанн Калдервуд менен беттешет. Калдервуд акыркы жолку беттешинде америкалык Андреа Лини утуп, ага чейин Кэйтлин Чукагяндан жеңилип калган. Ал эми Шевченко (19-3) катары менен 5 жолу жеңишке жетип, 2018-жылдын декабрь айында чемпиондук курга ээ болгон.

9-февралда АКШнын Хьюстон шаарында болгон «UFC 247» турниринде Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешип, 3 раунддун жыйынтыгы менен жеңишке жеткен. Бул турнирдин жыйынтыгы менен Техастын лицензиялоо жана жөнгө салуу департаменти Шевченкону медициналык себептерге байланыштуу беттештерден убактылуу четтеткен.

Количество просмотров: 204