Ал бүгүн, 15-сентябрда, Лас-Вегаста (АКШ) өткөн беттешинде мексикалык атаандашы Алекса Гроссону утту.
Төртүнчү раундда эки ирет муунтуу ыкмасынан чыгып кете алды.
Мушкер кыздар үчүнчү ирет октагонго чыгышты. Биринчи кармашта Гроссо жеңишке жетип, чемпиондук титулду Шевченкодон тартып алган. Экинчисинде экөө тең чыгып, мексикалык спортчу чемпиондук титулун сактап калган эле.
Беттештен кийин Валентина Шевченко күйөрмандарына жана Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.