Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун мыкты мушкерлеринин рейтингинде биринчи сапка чыкты. Бул тууралуу мушкерлер уюму жарыялаган жаңыланган тизмеде маалымдалат.
Салмактык категориясына карабаган рейтингде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко биринчи орунга көтөрүлгөнүн көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, Валентина Шевченко өзүнүн салмагындагы чемпиондук курун алтынчы ирет коргогон.