Кыргызстандык спортчу кыз Валентина Шевченко Бишкекке келди. Мушкерди күйөрмандары «Манас» аэропортунан бүгүн эртең менен тосуп алышты.
Эске салсак, жекшембиде өткөн UFC турниринде Шевченко бразилиялык Тайла Сентосту жеңип, жетинчи жолу чемпиондук макамын коргогон.