• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассого чемпиондук курун уттуруп койду

5 Жалган куран 2023 12:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассого чемпиондук курун уттуруп жиберди.

Эки мушкер бүгүн, 5-мартта Лас-Вегаста UFC 285 мелдешинин алкагында октаганго чыгышты. Беттештин төртүнчү бөлүгү чечүүчү болду: мексикалык мушкер Шевченконун далысын өтүп, муунтуу ыкмасы менен атаандашын утуп алды.

Валентина Шевченко сегизинчи ирет чемпиондук курун коргоо үчүн беттешке чыккан.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 12-июнунда Валентина Шевченко Сингапурдагы UFC 275 турниринде бразилиялык Тайла Сантосту жеңип, жетинчи ирет чемпиондук курун коргоп калган.

Количество просмотров: 702