• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

ШИИБ: Чубак ажынын аялы арыз жазды

9 Бештин айы 2017 21:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак Жалиловдун жубайы Гүлнур Жалилова жолдошунун үстүнөн милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Арыз 9-декабрда түшүп, каттоого алыган.

Ошондой эле Оморов экс-муфтийдин жубайы «Сезим» кризистик борборуна да арызданганы тууралуу маалымат тастыкталганын билдирди.

«Диний ишмер Чубак Жалиловдун жубайы Гүлнур Жалилова жардам сурап «Сезим» кризистик борборуна кайрылганы, өзүн жана балдарын жолдошунун зомбулугунан коргоо» тууралуу маалымат интернетке 8-декабрда тараган.

Арыз ээси «өзүн жана балдарын жолдошунан коргоону суранган. Өмүрлүк жары аларды дайыма коркутуп келгенин, андыктан чогуу жашаганды каалабай турганын» жазган.

Чубак Жалилов жана жубайы менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Жалиловдун адвокаты Акин Токтоналиев окуядан кабарсыз экенин, бул бирөөлөрдүн чагымы болушу мүмкүндүгүн «Азаттык» радиосуна айтты.

«Сезим» кризистик борбору бул боюнча кайрылуу жасап, арыз жөнүндө журналисттерге да, күч органдарына эч кандай маалымат берилбегенин, тарап кеткен катка борбордун тиешеси жоктугун билдирди. Анда «Сезимге» кайрылгандардын аты-жөнү дайыма сыр сакталары, коомчулукка жарыяланбай турганы белгиленет.

Чубак Жалилов ноябрдын соңунда экинчи аял алганы тууралуу билдирген. Мындан кийин Жогорку Кеңештеги айрым депутат аялдар анын айткандарын текшерип, укуктук баа берүүнү талап кылышкан. «Кылым шамы» укук коргоо борбору экс-муфтийдин аракетин мыйзам бузуу деп прокуратурага кайрылган. Бишкек шаардык милициясы диний ишмерди суракка алганы тууралуу расмий кабарланган. Анда Чубак Жалилов «биринчи аялы расмий, экинчиси сүйүктүүсү» экенин билдиргени маалымдалган.

42 жаштагы Чубак Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтий болуп эмгектенген.

Количество просмотров: 44