Кыргызстандын президенти Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңейтилген жыйынында сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча сөз айткан жок.
Садыр Жапаров ШКУнун иш жылдарындагы ийгиликтерине токтолуп, жаңы мамлекеттерди уюмга кирүү процессинин башталышы жана бир катар мамлекеттерге диалог боюнча өнөктөш статусунун ыйгарылышы тууралуу айтты. Кыргызстандын президенти Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү борборун ачууга чакырып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун маанисине токтолду.
Ошондой эле тажик президенти Эмомали Рахмон да өз сөзүндө чек арадагы жаңжал тууралуу айткан жок.