ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды
ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды
22 Бугу 201913:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.05.2019.Govori.TV.
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды.
Иш-чарадан кийин Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Владимир Норов журналисттердин алдында сөз сүйлөшөт.
Жыйындын катышуучуларынын тизмеси:
Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж;
Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов;
Кытайдын тышкы иштер министри, Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Ван И;
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
Пакистандын тышкы иштер министри Махмуд Шах Махмуд Куреши;
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров;
Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин;
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов;
ШКУнун башкы катчысы Владимир Норов;
ШКУнун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Аткаруучу комитетинин директору Жумахон Гиесов;
Быйыл Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан төрагалык кылууда.
ШКУнун жыйынынан кийин ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны болот.