• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

ШОК! Астанада сууктан жаныбарлар тоң болуп катып калышты

23 Үчтүн айы 2018 21:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.01.2018. Govori.TV

Казакстандын баш калаасы Астанада үшүк алып ооруканага кайрылгандар 30га чамалаганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ызгаардан улам Астана, Костанай шаарларында, Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан, Павлодар жана Караганды облустарында бала-бакча, мектептер жабылды.

Коллеждердин биринчи, экинчи курсунда окугандар да сабакка барбай турган болду.

Өткөн түнү бул аймактарда аба ырайы -38 градуска түштү. Казгидромет 26-январга чейин өлкөнүн айрым жерлеринде сууктун күчү күндүз -35, түнкүсүн -45 градуска чейин жетерин билдирди.

Казакстанда ызгаар күчөп, үшүккө алдыргандар көбөйдү.

Фейсбук колдоонуучулар баракчаларына жүрөктү ушуткөн видеолорду жайгаштырышты.

«Астанада түнкү аба ырайы -44 чейин суук дейт. Ит өлгөн суук деп ушуну айт. Ит эле эмес, тирүү жандыктын баары турган жеринен тоңуп калыптыр. Тобоо..»,-деп жазылат маалыматта.

https://www.facebook.com/sszonder/videos/pcb.1674590262603948/1674588269270814/?type=3&theater

https://www.facebook.com/sszonder/videos/pcb.1674590262603948/1674588259270815/?type=3&theater

 

Эскерте кетсек, Кыргызгидромет  да бүгүн коомчулукка шышылышык кабар таратты. Анда алдыдагы бир жума бою аба ырайы өлкөгө каарын төгүп,  сууктун күчү бийик тоолуу райондордо 40 градуска чейин төмөндөөрү айтылат.

Кыргызтандагы мектептерде окуу класстарындагы температура +8 градустан төмөн, ал эми сыртта —30 градус суук болсо анда окуучулар каникулга тарайт. Бул тууралуу Govori.TV сайтына  Билим берүү жана илим министрлигинин басма  сөз  кызматы билдирди.

Количество просмотров: 12