• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Штаб: «118» сall-борбору өз ишин улантууда

28 Жетинин айы 2020 10:04 Бишкек Govori.TV

«118» сall-борбору жарандарга күн сайын COVID-19 боюнча кеп-кеңештерди берип, өз ишин улантууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинен тарта коронавирус боюнча жарандарга кеңеш берүү үчүн Бишкекте «118» ыкчам кызматы иштей баштаган.

«Ар бир call-борбордо 4 оператор нөөмөт менен иштейт: 2 окутулган үй-бүлөлүк дарыгер/ординатор жана 2 медайым»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, 11-майдан тарта өлкөнүн бардык аймактарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун алдында 7 call-борбор ачылып, иштей баштаган. Call-борборлор күн сайын 08:00дөн 20:00гө чейин тыныгуусуз жана дем алышсыз иштейт.

Теги:
Количество просмотров: 31