Коронавирус маселелери боюнча “118” ыкчам байланыш кызматы кайрадан чалууларды кабыл ала баштады. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.
КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2020-жылдын 13-октябрынан тарта Бишкектеги 4 бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун, ошондой эле облустук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун алдында колл-борборунун ишин баштады, мындай чаралар өлкө калкында COVID-19дун жайылышын болтурбоо боюнча аралыктан, өз убагында жана квалификацияланган медициналык кеп-кеңештерди берүү үчүн көрүлгөн.
Колл-борборлор 118 бирдиктүү маалыматтык номеринин базасында иштейт.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 10-сентябрынан 10-октябрга чейин колл-борбордун иши убактылуу токтотулган, анткени Электрондук саламаттык сактоо борборунун адистери тармактарды ырастоо иштерин, ошондой эле колл-борбордун операторлорун окутууну жүргүзгөн.
Негизги максаты – симптомдордун негизинде калкка өз убагында жана квалификацияланган медициналык кеп-кеңештерди берүү менен COVID-19га байланыштуу ооруканага жаткыруу учурларын кыскартуу.