• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Штаб COVID-19дун көп байкалган белгилерин эске салат

6 Теке 2022 12:30 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы Республикалык штаб COVID-19дун көп байкалган белгилерин эске салат.

Дарыгерлердин айтымына караганда, COVID-19 коронавирус инфекциясы ар башка даражадагы адамдардын түрдүү топторуна таасир берет. Илдетке чалдыккандардын көпчүлүгүндө оору жеңил же орто оордукта өтөт жана аларга ооруканага жатуу талап кылынбайт.

Көп байкалган белгилери:

  • дене табынын көтөрүлүшү;
  • жөтөл;
  • чаалыгуу;
  • жыт жана даам билүү сезимдеринин жоголушу.

Ооруну жугузгандардын айрымдарында:

  • тамак оору;
  • баш оору;
  • түрдүү оорулар;
  • диарея;
  • колдун же буттун терисинин түсүнүн өзгөрүшү же майда жараттардын чыгуусу;
  • көздүн кызарышы байкалат.

Оорунун оор түрүнүн белгилери:

  • дем алуунун кыйындашы;
  • сүйлөө же кыймыл-аракет функцияларынын бузулушу же аң-сезимдеги өзгөрүүлөр;
  • көкүрөктүн оорусу.

Штаб эгерде оорунун белгилери байкалса, токтоосуз түрдө дарыгерге кайрылуу керектигин эскертет.

Количество просмотров: 169