• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Штаб: Калкты вакцинациялоо процессин тездетүү зарыл

2 Теке 2021 12:22 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин журүшүндө эпидемиологиялык абал, саламаттык сактоо уюмдарындагы дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, жеке коргонуу каражаттарынын кору, эпидемиологиялык абалдын начарлашы учурунда шаар жана облустардын иш-чаралар планы, калкты вакцинациялоону жүргүзүү планы боюнча маселелер каралды.

Республикалык штабдын жетекчиси Жылдыз Бакашова белгилегендей, жакын арада өлкөгө 1 млн 250 миң доза Sinopharm кытай вакцинасы келет, ал республиканын облустары ортосунда бөлүштүрүлөт.

«Республикада эпидемиологиялык абал кескин начарлап жатат. Учурда жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай чектөө киргизилген жок, бирок зарылчылык болсо чектөө чаралары көрүлүшү мүмкүн. Жакын арада 1 миллион 250 миң доза кытай вакцинасы Кыргызстанга алынып келинет, андыктан калкты эмдөө процессин мүмкүн болушунча тездетүү керек. Көбүрөөк адамдарды камтуу абдан маанилүү. Бишкек шаарындагы вакцина борборлорунун күнү-түнү иштешин камсыз кылуу зарыл. Мындан тышкары, эмдөө пункттары супермаркеттерде жана дарыканаларда ачылат. Коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү жалпы иш экендигин, ошондуктан бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ырааттуу координациясы, өз ара аракеттенүүсү жана жардамы керек экендигин баса белгилегим келет», — деди ал.

Штабдын отурумунан кийин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды: дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын бааларына тийиштүү маалыматты дарыкана тармагына жана облустардагы жана шаарлардагы фармацевтикалык компаниялардын кампаларына киргизүү; саламаттык сактоо уюмунун баштапкы звеносунун медициналык кызматкерлерин коронавирус инфекциясы менен ооруган адамдарды 5-клиникалык көрсөтмөгө ылайык, оорунун алдын-алуу, диагностикалоо жана дарылоо ыкмалары боюнча онлайн жана оффлайн режиминде окутууну улантуу; Министрлер Кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте тажрыйбалуу медицина кызматкерлерин тартып, тейлөө кызматкерлеринин санын көбөйтүү менен 118 кызматынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо; Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте кызматка туташтыруучу линиялардын санын 25ке чейин жогорулатуу маселесин чечүү; Министрлер Кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте мобилдик бригадалардын үзгүлтүксүз ишин камсыдоо, керек учурда алардын санын жогорулатуу; үч күндүн ичинде Экономика жана Финансы министрлигине саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн дары-дармектерди, медициналык багыттагы буюмдарды, жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу үчүн зарыл болгон каражат жөнүндө сурам жөнөтүү; эпидемиологиялык кырдаалга жараша Кытай Эл Республикасынан келген вакцинаны региондор жана шаарлар боюнча пропорционалдуу бөлүштүрүү.

Количество просмотров: 174