• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Штаб: Катардан келген гуманитардык жардам сатылган жок

17 Баш оона 202017:54 Бишкек Govori.TV

Катар мамлекетинен келген гуманитардык жардам сатылган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин дары-дармектерди сактоо секторунун жетекчиси Өскөн Стамкулов социалдык тармактарда тарап жаткан «Катардан келген гуманитардык жардам сатылып жатат» деген маалыматты төгүндөдү.

«Катар мамлекети берген 420 кычкылтек концентратору Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин кампасында турат. Алар КР Саламаттык сактоо министирлигинин чечими менен гана республикадагы медициналык мекемелерге таратылмакчы», — деди ал.

Белгилей кетсек 3-августта Катар мамлекетинен тарабынан Кыргызстанга жалпы наркы 250 миң доллар болгон 420 кычкылтек концентратору берилген.

Количество просмотров: 118