• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Штаб: Оштогу жаран чет өлкөдөн келген жубайы менен байланышта болгондон кийин каза болду

6 Чын куран 202011:58 Бишкек Govori.TV

Республикалык штаб карантиндик аймакта турган жарандардын аларды кармоону негизсиз деп эсептеп, видео кайрылууларын эске алып, алар өзүнүн айлана-чөйрөсүнө кандай коркунуч алып келерин далилдеген мисал келтирди.

Штабдан кабарлашкандай, коронавирустан каза тапкандардын бири – Ош шаарынын тургуну оорулуу менен байланышта болгон. Анын жубайы чет өлкөдөн кайтып келген жана анда COVID-19 бар экени аныкталган.

«Бирок жубайы өзүн жакшы сезип, анда оорунун белгилери да болгон эмес, ал эми жолдошу байланыштан кийин илдетке чалдыгып, көз жумган», — деп айтылат штабдын маалыматында.

Белгилей кетсек, 6-апрелге карата Кыргызстанда дагы 69 адамда коронавирус аныкталып, жалпы ооругандардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 33 адам оорудан айыккан. Ал эми коронавирус жуктуруп алган 4 адам каза болду.

Количество просмотров: 14729