Бишкектин Үмөталиева көчөсүндөгү турак үйдүн 9-кабатынын терезесинен төрт жаштан беш жашка чейинки эки бала кулап кетти. Бул тууралуу маалыматты Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 16-мартта саат 16:24тө «102» кызматына маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу барган.
Жыгылгандын кесепетинен балдар оор жаракат алып, ошол жерден каза болушкан.
Окуя боюнча тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн керектүү экспертизалар дайындалды.
Буга чейин Бишкектин 7-кичи районунда жаш бала турак жайдын 6-кабатындагы терезеден кулап кетип каза болгону белгилүү болгон.