Орусиянын Эл артисти, ырчы Бедрос Киркоров 92 жашында көз жумду. Бул тууралуу анын уулу Филипп Киркоров Instagram баракчасында жазды.
«Мен эми бала эмесмин. Бүгүн, 18-март 2025 — жылы саат 15:37де Орусиянын Эл артисти Бедрос Киркоров атам дүйнөдөн кайтты, бирок жүрөгүмдөн эч качан кетпейсиң. Жакындарыңар менен өткөргөн ар бир көз ирмемди баалай билгиле!»- деп Филипп Киркоров жазган.
Бедрос Киркоров 1932-жылы, 2-июнда Болгариянын Варна шаарында туулган.