• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Штаб: Ысык-Көлдө бир айыл эли изоляцияга алынды

1 Чын куран 202010:22 Бишкек Govori.TV

Үй карантинин сактабаган Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 жараны милдеттүү түрдө обсервацияга алынды. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, ал 8 жаран чет өлкөдөн келип, үй карантининде болгон. Бирок алар үй карантининин шарттарын бузушкан.

«Үй карантинин сактабаган Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 жараны обсервацияга алынды. Алар үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында облустук ыкчам штабынын чечими менен жалпы айыл эли изоляцияга алынды», — деп айтылат штабдын маалыматында.

https://www.facebook.com/nurmat.dzhantaev.7/videos/2542043206057868/
Количество просмотров: 3691