• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Франциянын журналына Бермет Акаеванын жолдошу менен түшкөн сүрөтү жарыяланды

13 Бештин айы 20189:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.12.2018.Govori.TV

Франциянын Cote деген аталышта чыккан журналына тунгуч президент Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаеванын белгисиз адам менен түшкөн сүрөтү жарыяланып, ал жерге «Бермет Акаева жана анын жолдошу» деп жазылган. Алардын сүрөтү Израиль мамлекеттинин 70 жылдык мааракесин белгилеп жаткан учурда тартылган.

Бул жаңылык көпчүлүк үчүн күтүүсүз болуп, аны турмушка чыгыптыр деп божомолдошууда. Социалдык тармактарда дагы бул тема кызуу талкууланып, алардын көпчүлүгүн Акаеванын жолдошунун улутуна кызыккандар түзүүдө.
Буга чейин экс-президенттин кызы, мурунку жолдошу казак ишкери Адил Тойгонбаев менен ажырашканын расмий жарыялаган эмес. Алардын ортосунда эки бала бар.


Эскерте кетсек, революциядан кийин, А.Тойгонбаевге коррупция боюнча айып тагылып, ал эл аралык издөөдө жүргөн. 2016-жылы тунгуч президенттин күйөө баласы Дубайда кармалып, бирок күрөө аркылуу бошонуп кеткен. Кыргызстандын соту аны 20 жылга сыртынан кесип, өкүм чыгарган.

Количество просмотров: 17